Понедельник, 6 мая

Имамидин Ташов бир айга камалды

0

«KG Групп» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов бир айга камакка алынды.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп кармалган Ташовдун баш коргоо чарасы бүгүн каралды.

Ал 2024-жылдын 22-майына чейин камакта болот.

Эске сала кетсек, күн мурун УКМК Имамидин Ташов Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалгандыгын билдирген.

Маалыматта, ал бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалгандыгы айтылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз