Понедельник, 6 мая

ТРТнын фестивалына кыргызстандык балдар да катышты

0

Түркиянын мамлекеттик телеканалы болгон ТРТнын  46-Эл аралык 23-апрель балдар фестивалы Анкара шаарында 29 өлкөдөн 500 баланы жолугуштурду.

Дүйнөнүн биринчи эл аралык балдар фестивалы болгон 23-апрель балдар фестивалына Кыргызстандан Нарын шаарынын «Токтогул» атындагы орто мектеби жана «Жумамүдүн Шералиев» атындагы музыкалык мектептин астында түзүлгөн «Наристе-Кызгалдак-Нарын» бий тобунун бийчилери катышты.

«Дүйнө балдары тынчтык үчүн кол кармашат» чакырыктын алкагында болгон фестивалдын быйылкы ардактуу коногу Палестина болду.

Биринчи жолу 1979-жылы өткөрүлгөн фестиваль Анкарадан бүт дүйнөгө тынчтык билдирүүсүн жаят.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз