Понедельник, 6 мая

1-майдан тарта электр энергиясы кымбаттайт — Баалары

0

Министрлер кабинети 1-майдан тартын электр энергиясынын тарифтерине өзгөртүү киргизет. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров (23.04.24. №190) кол койду.

Мурда маалымдалгандай, өзгөртүү киргизүүнүн мөөнөтүн жылдыруу энергетика тармагындагы каржы тартыштыгын жабууга кошумча каражат алуу максатында жүргүзүлүп жатат.

2024-жылдын 1-майынан тарты электр энергиясынын тарифтери төмөндөгүдөй болмокчу:

— бир киловатт-саат үчүн — 1,11 сом, эгер 700 киловат-сааттан ашкан учурда — 2,39 сом;

— аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн — 55 тыйын;

— бюджеттик керектөөчүлөр үчүн — 3,76 сома;

— безлимит — 3,63 сома.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз