Понедельник, 6 мая

Жапаров менен Алиевдин жолугушуусу. 18 документке кол коюлду

0

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 24-апрелде бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. “Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Биргелешкен Декларациясы”.

2. “Азербайжан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешинин экинчи отурумунун чечими”.

3. “Азербайжан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кирешеге салыктарга карата кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу”.

4. “Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу кошумча Макулдашуу, 11-октябрь, 2022-жыл”.

5. “Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы миграция тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу”.

6. “Азербайжан Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу”.

7. “Азербайжан Республикасынын Юстиция министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ортосундагы укуктук чөйрөдөгү өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашуу”.

8. “Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ортосундагы бажылык тескөөнү өркүндөтүү максатында кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашуу”.

9. “Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын ортосундагы өз ара соода статистикасы жөнүндө маалымат алмашуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө Протокол”.

10. “Азербайжан Республикасынын Президентине караштуу жарандарга кызмат көрсөтүү жана социалдык инновациялар боюнча мамлекеттик агенттик менен Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлорун илгерилетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум”.

11. “Азербайжан Республикасынын Министрлер кабинети менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы 2024-2029-жылдарга кызматташтык программасы”.

12. “Азербайжан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосунда саламаттык сактоо жана медициналык илим жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум”.

13. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы энергетика жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум

14. “Азербайжан Республикасынын диаспора менен иштөө боюнча мамлекеттик комитети менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум”.

15. “Азербайжан Республикасынын диний уюмдар менен иштөө боюнча мамлекеттик комитети менен Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум”.

16. “Азербайжан Республикасынын тамак-аш коопсуздугу агенттиги менен Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин ортосунда ветеринария жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум”.

17. “Азербайжан Республикасынын Улуттук архив башкармалыгы менен Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин ортосундагы архив иши жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум”.

18. “Баку мамлекеттик университети менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум”.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз