Понедельник, 6 мая

Газада каза болгондордун саны 34 миңди ашты

0

Израиль армиясынын 201 күндөн бери кол салууларын улантып жаткан Газа тилкесинде акыркы 24 саатта каза болгондордун саны 79 кишиге көбөйүп 34 миң 262ге жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин аймакта 201 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Израиль армиясынын акыркы 24 сааттагы кол салууларында дагы 79 палестиналыктын каза тапкандыгы, 86 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Израилдин Газа тилкесине карай кол салууларында 7-октябрдан бери каза болгондордун саны 34 миң 262ге, жаралуулардын санынын да 77 миң 229га жеткени кабарланды.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде жансыз денелердин бар экендиги, бирок израилдик аскерлердин тоскоолдуктарынан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн бул сөөктөргө жете албаганы кайталанды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз