Суббота, 4 мая

Tunduk тиркемесине ишкерлерге санариптик күбөлүк киргизилди

0

Tunduk мобилдик тиркемесинде жеке ишкердин күбөлүгү пайда болду. Бул ишкердин мамлекеттик каттоосу жөнүндө жаңы санариптик документи, деп билдиришти Санариптик өнүктүрүү министрлигинен.

Ишкердин күбөлүгү анын статусун тастыктоо менен бирге, каттоо маалыматтарын камтыйт.

Ишкердин санариптик күбөлүгү банк эсебин ачууда, отчетторду берүүдө, келишимдерди түзүүдө жана башка ар кандай учурларда талап кылынышы мүмкүн.

Мындан улам Tunduk мобилдик тиркемесиндеги бардык санариптик документтер кагаз түрүндөгү документ же күбөлүк менен бирдей юридикалык күчкө ээ.

“Эми мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, кызмат адамдарына, юридикалык жана жеке жактарга жеке ишкердин күбөлүгүн санариптик форматта тапшыра аласыз”, — деп айтылат маалыматта.

Жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу санариптик күбөлүгүн чыгарууну Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Түндүк» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте Мамлекеттик салык кызматы жана «Салык сервис»мамлекеттик мекемеси ишке ашырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз