Суббота, 4 мая

Ошто 3000 окуучу «Манас» айтты

0

Ош шаарынын борбордук аянттында бүгүн мектеп окуучулары арасында “Урааным Манас” аталышындагы “Манас” айтуу боюнча республикалык кароо-сынак өттү. Ага жалпы жонунан 3 миң окуучу катышып, кыргыз жана англис тилдеринде “Манас” айтышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Иш-чарада Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жетекчисинин орун басары Нурбек Талантбеков катышуучуларга ийгилик каалашып, уюштуруучуларга ыраазычылык баракчаларды жана төш белгилерди тапшырышты.

Белгилей кетсек, сынак президенттин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыгын аткаруу, улуттук маданий жана руханий дөөлөттөрдү сактап калуу максатында өткөрүлдү.

Мындай кароо-сынактар 20-апрелден 11-майга чейин республиканын бардык аймактарында болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз