Суббота, 4 мая

Лукашенко: НАТО бизди согушка тарткысы келет

0

Беларустун президенти Александр Лукашенко НАТО аскердик күчүн өлкөсүнүн батыш чек араларына топтоп жатканын билдирип: «Алар бизди согушка тарткысы келет», — деди.

Президент Лукашенко конституцияга өзгөртүү киргизүү менен эң жогорку өкүлчүлүктүү органга айланган Беларусь Элдик ассамблеясында сөз сүйлөдү.

Өлкөсүнүн батыш чек араларындагы Польша жана Балтика өлкөлөрүндө НАТОнун аскерий күчүн топтогондугун белгилеген Лукашенко, НАТОнун стратегиялык өзөктүк куралдарын жаңылоону улантып жатканын жана өздөрү да окшош техникалык өзгөчөлүккө ээ куралдарды базаларына жайгаштырганын эске салды.

Лукашенко: «Бир нерсе айдан ачык, алар бизди чындап согушка сүйрөп кеткиси келет. Муну мен башкы колбашчы катары, армиябыз жана атайын кызматтарыбыз көрүп турабыз. Алар бизди провокациялап жатканда окоп казып, аскердик инфраструктурасын жана курал-жарактарын жаңыртып жатышат.Чек аранын бери жагында биз бейпил турмуш куруп жатабыз, окоп казган жерибиз жок. Бирок биздин тынчтыкты сүйүүбүз пацифизм эмес. Бул жөнүндө чаташтырбаңыз», — деп айтты.

Беларустун коркунучтар көбөйүшү менен симметриялуу чараларды көрүп, согуштук күчүн арттыра турганын баса белгилеген Лукашенко : «Бизди ассиметриялуу чараларды көрүүгө мажбурлабагыла», — деп эскертти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз