Воскресенье, 5 мая

Ошто шайлоо өнөктүгүнө аралашкан кызматкерлер иштен айдалды

0

Ошто шайлоо өнөктүгүнө аралашкан кызматкерлерге карата чара көрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө Ош шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматчылары катышып жатат» деп тараган маалыматтын негизинде кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, комиссиянын чечими менен төмөнкүлөр кызматтан бошотулду:

  • Кадыркулов Элдияр Тажибаевич — Ош шаардык Маданият башкармалыгынын башчысы;
  • Эгамбердиев Рустам Октамбекович – “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары.

Ал эми «Ош шаар суу канал» ишканасынын жетекчиси Кокочоров Доолатбек Курманбековичге эскертүү берилип, анын орун басары Байкишиев Талант Осмоналиевичти жана Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкери Камил Камчы уулун кызматтан бошотуу сунушу жетекчилигине жиберилди.

Ошондой эле териштирүү учурунда шайлоо өнөктүгүнө аралашты делинген Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Эгембердиев, «Ош жылуулук камсыздоо» ишканасынын төмөнкү кызматкерлери Алтынбул Жунусов, Кабылжан Абдибаитов, Раджи Жээналиев, Айзирек Атажанова, Сухраб Сайдуллаев, Ашимжан уулу Нооруздар ушул күнгө карата аталган ишканада иштебей тургандыктары аныкталды.

Мындан сырткары, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Ош облусу боюнча салмак габаритти көзөмөлдөө департаментинин башчысы Бакай Жолдошбаев менен «ГазпромКыргызстан» ЖЧКсынын «ОшГаз» филиалынын жетекчисинин орун басары Мирбек Маматовторго карата чара көрүү боюнча аталган мекемелерге Ош шаарынын мэриясы тарабынан сунуштар жиберилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз