Понедельник, 6 мая

Бишкек ЖЭБинде оңдоп-түзөө иштери уланууда

0

 

Бишкек шаардык Жылуулук электр борборунда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, бүгүнкү күндө шаарды үзгүлтүксүз ысык суу жана отжагуу мезгилинде жылуулук менен камсыздоо үчүн зарыл болгон жылытуу жабдуулары оңдолууда.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинен тарта № 10,23,13,15,20 — отказан агрегаттары жана № 7,9,11 – турбо агрегаттары пландуу оңдоодо турат.

Ал арада, 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине отказан жана турбиналык жабдуулардын техникалык даярдыгын камсыз кылуу максатында, 2024-жылы отказан цехинин негизги жабдууларын оңдоо боюнча Графикке ылайык, ст. № 13, 15, 17, 20 — отказан агрегаттарын орто оңдоо жана № 19- отказан агрегаты кезектеги оңдоо пландалган.

Турбиналык орнотмолор боюнча 2024-жылы ст. №6,9 турбоагрегаттарды капиталдык оңдоодон өткөрүү жана 4 турбиналык агрегаттарды ст. №5, 7, 8, 10 учурку оңдоого чыгаруу, №3 жана №4 энергоблокторун оңдоо пландаштырылууда., 2023-жылдан өткөн ст.№11-турбоагрегатка капиталдык оңдоону жана жылытуу жабдууларын оңдоону аяктоо каралган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз