Понедельник, 6 мая

Мадумаров: Соттун өкүмүнө даттанабыз

0
Саясатчы Адахан Мадумаров камактан бошотулду.
Адвокат Кубанычбек Тумановдун айтымында, ага чыккан өкүм күчүнө кирип, эми саясатчы бошотулушу керек.
Мадумаров соттун өкүмүнө даттанарын билдирди.
Буга чейин Биринчи май райондук соту Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин 209 («Алдамчылык») жана 338инчи («Бийликтен аша чабуу») беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жазадан бошоткон.
Ошол эле учурда саясатчы өкүм күчүнө киргенге чейин камакта калтырылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз