Четверг, 9 мая

Атазов Жогорку Сотко даттанды

0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов өзүнүн мандатынын алыныш боюнча Жогорку Сотко даттанды. Анын адвокаты Алтынбек Токтосунов Фейсбуктагы баракчасына, Бишкек шаарынын Административдик сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин жокко чыгарууну өтүнүп, Жогорку сотко кассациялык даттануу жолдонгонун маалымдады.

Алтынбек Токтосунов: “Кыргыз Республикасынын #79 сандуу Конституциялык Мыйзамынын 8-бер.13-б.твлаптарына ылайык,Конституциялык Мыйзам талаптарына каршы келген же ыйгарып укуктан аша чаап пайдаланып чыгарылган Борбордук шайлоо комиссиянын чечими БШКнын өзү же сот тарабынан жокко чыгарылмакчы. Андыктан,соттун жогоруда кабыл алынган чечимдери мыйзамсыз жана негизсиз” — деген пикрин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз