ӨКМ: Кар көчкү түшүү коркунучу бар

0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинен 29-апрелине чейинки жаан-чачынга байланыштуу төмөнкү тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө:

  • Кыргызстандын тоолуу райондорунда;
  • Бишкек – Ош унаа жолунун 207-224-чакырымындагы Ала-Бел ашуусунда;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун 74-86 чакырымындагы Чоң-Ашуу ашуусунда.

Белгиленгендей, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелүүсү зарыл.

«Кандайдыр бир кырдаалга кабылсаңыз же күбөсү болсоңуз “112” кызматына тезинен кабарлаңыз», -деп айтылат билдирүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз