Четверг, 9 мая

Бишкекте арзан азык-түлүктөрдүн жарманкеси өтөт (Адрес)

0
Бишкекте үч күн бою арзан азык-түлүктөрдүн жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ведомство 30-апрель жана 1, 2-май күндөрү Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте «Жаз — 2024» жарманкесин уюштурууда. Анда эт, балык, сүт, май, бал, колбаса, сыр, жумуртка, картошка, жашылча-жемиш, шекер, ун жана башка азыктарды арзан баада сатып алууга болору белгиленди.
Жарманке Разаков көчөсүнүн Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы тилкесинде өтөрү кошумчаланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз