“Эл үмүтү” стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды

0

Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, эл аралык стипендияны алуу үчүн документтер 2024-жылдын 1-майынан 30-майына чейин онлайн форматта кабыл алынат.

“Эл үмүтү” стипендиясынын максаты –Кыргызстандын таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын (QS World University Rankings, Times Higher Education топ — 100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында, билим берүү программаларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз