Пятница, 17 мая

Чолпон-Ата шаарында да миңдеген окуучу Манас айтты

0

Кечээ 1-майда, Чолпон-Ата шаарында эки миң окуучу Манас айтты.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чара «Рух ордо» маданий комплексинде орун алып, «Урааным Манас» аталышындагы Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында өттү.

Сынак президенттин «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруу, улуттук маданий жана руханий дөөлөттөрдү сактап калуу максатында өткөрүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз