Пятница, 22 ноября

Түркия Мурсинин иши боюнча эл аралык сотко кайрылат

0

Эрдоган ИКУну Египеттин экс-президенти Мухаммед Мурсинин кaза болгондугуна байланыштуу жооп берген кадам жасоого чакырды.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Ислам кызматташтык уюмун (ИКУ) кызматтан кулатылган Египеттин президенти Мухаммед Мурсинин каза болгондугуна байланыштуу жооп иретинде кадам жасоого чакырды.

Стамбулдагы митингде сөз сүйлөп жатып, түрк лидери Анкара Мурсинин каза болгондугу боюнча темага байкоо саларын жана Египеттин бийлигин эл аралык соттун алкагында жоопкерчиликке тартууга баардык кадамдарды жасай тургандыгын убада кылды.

«Мурси өз ажалы менен өлгөн жок, аны өлтүрүштү. Демократиялык жол менен шайланган Египеттин президенти 20 минут сот залында жатып, ага эч ким жардам берген жок», — деди Эрдоган.

Мамлекет башчы ошондой эле өз дарегине айтылган коркутууларга көңүл бурду. «Мурсинин өлүмүнө аралашкандыгым үчүн мени коркуткандар ас-Сисинин оюн бөлүшкөндөр. Биз алардан коркпойбуз», — деди президент.

Анын айтуусунда, Түркия бийлиги коркутуулар жана кысым жасоолорго карабастан, көздөгөн багытын уланта бермекчи.

Египеттин мыйзамдуу шайланган президенти Мухаммед Мурси 2013-жылы 3-июлда аскердик төңкөрүштүн натыйжасында кулатылган жана ошондон бери түрмөдө кармалып келген.

67 жаштагы  Мурси ошондой эле палестиналык ХАМАС кыймылынын пайдасына шпиондук жасагандыгы үчүн айыпталган. Экс-президент 17-июнда сот залында эс учун жоготкондон кийин каза болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз