Пятница, 17 мая

Кыргызстандын делегациясы Бакудагы Маданияттар аралык диалог форумуна катышууда

0

Кыргызстандын делегациясы Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан “Тынчтык жана глобалдык коопсуздук үчүн диалог: кызматташтык жана өз ара байланыш” аттуу VI Бүткүл дүйнөлүк маданияттар аралык диалог форумуна катышууда.

Иш-чарага 100дөн ашуун өлкөдөн 700 жогорку даражалуу коноктор, анын ичинде 28 эл аралык уюмдун жана 60ка жакын өлкөнүн Маданият министрликтеринин өкүлдөрү катышууда.

Кыргызстандын делегациясынын курамында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз, муфтий Абдулазиз Закиров бар.

Ошондой эле форумдун ишине ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев жана Түрк кеңешинин башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев да катышууда.

Форум Азербайжандын Маданият министрлиги тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Цивилизациялар альянсы (UNAOC), UNESCO, ISESCO сыяктуу эл аралык уюмдардын өнөктөштүгү менен уюштурулду.

Форумдун негизги милдети — маданияттар аралык кызматташтыкты жана диалогду өнүктүрүү үчүн маанилүү эл аралык платформа катары “Баку процессинин” ролун бекемдөө болуп саналат.

Форумдун пленардык сессияларында жана панелдик дискуссияларында анын катышуучулары бир катар актуалдуу глобалдык проблемаларды талкуулайт.

Мындан тышкары, форумдун алкагында маданий иш-чаралар, анын ичинде концерт, фестивалдар уюштурулмакчы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз