Пятница, 17 мая

Сузактагы кырсык кандайча болду? ИИМдин маалыматы (Видео)

0

Сузактагы сынак учурунда окуучуларды унаа сүзүп кеткен окуяга байланыштуу айдоочу камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле ведомстводон министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов окуяны жеринен көзөмөлдөө үчүн аймакка жөнөп кеткенин кошумчалады.

Ошондой эле аталган кырсыкты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алды.

Саламаттык сактоо министрлигинин саат 19:30га карата маалыматына ылайык, кырсыктан жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 32 адамге жетти.

Эскерте кетсек, бүгүн, 2-майда саат 11:30дар чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында манас айтуу боюнча республикалык сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы белгисиз себептерден токтоп турган жеринен жылып, окуучуларды тебелеп кеткен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз