Четверг, 28 ноября

АКШда Палестинаны колдогон студенттерге күч колдонулууда

0

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Лос-Анжелес шаарындагы Калифорния университетинде (UCLA) Палестинаны колдогон демонстранттар тирүү калкан түзгөндөн кийин алгач артка чегинген полиция, кошумча күчтөрдүн келиши менен демонстранттарга каршы кийлигише баштады.

Америкалык маалымат каражаттары, UCLA кампусунда уланып жаткан митингдер учурунда Палестинага колдоо көрсөтүү максатында чатырлар тигилген аймакты бузууну каалаган полицияга каршы 50 кишилик демонстранттын жандуу калкан түзгөнүн кабарлады.

Топту таркатууну каалаган полиция менен демонстранттардын ортосунда кыска убакытка кагылышуу болду.

Күбөлөрдүн айтымында, баш аламандыктан кийин полиция кампустун айрым аймактарынан чыгып кетишти.

Андан соң коопсуздук күчтөрү кампуска кошумча күчтөр менен кайтып келип, аймакты курчоого алышты.

Көптөгөн полиция кызматкерлери лагердин айланасына орнотулган тосмолорду бузууга аракет кылып, желим ок сыяктуу куралдар менен кийлигишкени белгиленди.

Университет гезитинин социалдык медиа платформасы X эсебиндеги билдирүүдө, полициянын демонстранттарды пластикалык кишен менен кармай баштаганы кабарланды.

Бир тараптан демонстранттар тобунун кампустагы Ройс Холл имаратынын кире бериштерин жаап, үстүнө «Газага эркиндик» деп жазгандары маалымдалды.

Израилди колдогон беткапчан топтун кампустагы чатыр аянтына кол салуусу менен UCLAда чыңалуу күчөдү.

Окуя болгон жерге барган Лос-Анжелес полиция департаментинин (LAPD) топтору, Израилди колдогон топ менен палестиналык тарапкерлердин ортосундагы тирешүүдөн кийин эч кимдин камакка алынбаганын жана чыңалунун аяктаганын жарыялашты.

Эки топтун ортосундагы тирешүүдөн кийин полиция аймактагы чатырлардын алынышын талап кылды.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин UCLA кампусуна киргенин белгилеген АКШ медиасы, бул окуялардын кампустагы демонстрацияларда жаңы бурулуш болушу мүмкүн экенин жазып чыкты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз