Четверг, 28 ноября

Министрлик жарандарга Орусияга барбай турууну сунуштады

0
Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга жүйөлүү себеп болбосо Орусияга барбай турууну сунуштады.
ТИМ бул Орусия бийлигинин «Крокустагы» терактыдан кийин коопсуздук менен көзөмөлдү күчөткөнүнө байланыштуу экенин белгиледи.
Ал эми Орусияга барууга зарыл болуп жатса өлкөдөгү чектөөлөрдү текшерип алуу керек.
Күтүүсүз кырдаал жаралып, шашылыш суроолор пайда болсо элчиликтин +7 925 115 50 47 номерине чалууга, ошондой эле министрликтин консулдук департаментине +996 999 312 002 номери аркылуу кайрылууга болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз