Четверг, 28 ноября

Сузактагы кырсык. Чүй жана Нарындагы иш-чаралар токтотулду

0

Кечээ 2-майда Сузак районунда 30дан ашуун окуучу жабыр тарткан каргашалуу окуядан кийин Чүй жана Нарын облустарында пландалган окуучулар арасындагы «Манас» айтуу боюнча сынак токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков бейшембиде Фейсбук баракчасына жарыялаган видео кайрылуусунда айтты. Ал бул долбоордун уюштуруучусу катары кырсыкта жабыркаган балдарга жана алардын ата-энелерине өз колдоосун билдирди.

«Сузактагы окуяда өзүм билемдик менен балдардын коопсуздугун карабай, керектүү камсыздоону жүргүзбөгөн жетекчилер мыйзам алдында жооп берет», — деди Талантбеков.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз