Суббота, 18 мая

Германия: Орусиянын кибер чабуулу жоопсуз калбайт

0

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Баербок, орус аскердик чалгындоо кызматы менен байланышы бар топ тарабынан жасалган кибер чабуулдун кесепеттерин Орусиянын тарта турганын айтты.

Немис министри Австралиянын Аделаида шаарында өткөргөн басма сөз жыйынында билдирүү жасады.

2023-жылдын январында Берлин, Германиянын Украинага Леопард танктарын жөнөтүү чечиминен кийин орусиялык хакерлердин бир нече немис сайттарын өчүрүп салганын жарыялаган.

Берлин бул чабуулду орусиялык APT28 тобу менен байланыштырууда. Немис жетекчилеринин айтымында, бул топту Орусиянын аскерий чалгын кызматы көзөмөлдөйт.

Бербок: «Орусиянын мамлекеттик хакерлери Германияга кибермейкиндикте кол салышты. Бул таптакыр кабыл алынгыс жана жазасыз калбайт»,- деди.

Орус хакерлеринин чабуулдарынын натыйжасында Германиянын федералдык өкмөтүнүн жана Гамбург аэропортунун сайттары жабыркаган.

Март айында Германиянын кибер коопсуздук агенттигинде жана Alphabetте иштеген адистер APT29 деп аталган топтун Германиянын бир нече саясий партияларынын сайттарына чабуул жасап, алардын маалыматтарын уурдоого аракет кылганын айтышкан.

2023-жылдын 25-январында Немис өкмөтү Украинага Leopard танктарын жеткире турганын расмий жарыялаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз