Суббота, 18 мая

Израилдин түрмөлөрүндө 53 палестиналык журналист кармалууда

0

Израилдин  абактарында 53 палестиналык журналисттин бар экендиги,  алардын 43нүн 2023 — жылдын 7 — октябрынан кийин камакка алынганы билдирилди.

Палестиналык туткундар коому Дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнөн улам палестиналык журналисттердин абалына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

Израиль абактарында жана убактылуу кармоочу жайларында 53 палестиналык  журналисттин бар экени белгиленди.

Билдирүүдө 2023 — жылдын 7 — октябрынан кийин 70 палестиналык журналисттин кармалганы, алардын 43нүн камакка алынганы, 23нүн болсо кийин бошотулганы белгиленди.

Палестиналык туткундар коому Израиль башкаруусунун 7-октябрдан кийин камакка алынган 4 палестиналык журналисттин абалы жана кайда экени тууралуу маалымат бербегенине көңүлдөрдү бурду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз