Суббота, 18 мая

«Газага эркиндик». Европада да Израилге каршы митингдер өтүүдө

0

Германиянын борбор шаары Берлинде полиция Гумбольдт университетинин бакчасына кирип, нааразычылык акциясын уюштурган Палестина колдоочуларына кийлигишти.

Бир группа Палестина колдоочусу  уруксатсыз Берлин Гумбольдт университетинин бакчасына уруксатсыз келип, нааразычылык акциясын өткөрүштү.

Кырдаалга кийлигишүүнү каалаган ректор Юлия фон Блуметаль митингчилер менен бир канча убакыт   сүйлөшкөндөн кийин акцияны токтотууну суранды. Бирок митингчилер муну кабыл албастан  митингди улантышты.

Катуу коопсуздук чараларын көргөн Берлин полициясы 3 саат күткөндөн кийин топко кийлигишип, палестиналык колдоочуларды университеттин бакчасынан чыгарды.

Кийлигишүү учурунда полицияга каршылык көрсөткөн айрым митингчилердин күбөлүктөрүн тактоо үчүн убактылуу камакка алынды.

Митингчилер  «Газага эркиндик», «Германия, Израилге курал ташууну токтот», «Геноцидди токтоткула» жана «Жашасын Палестина» сыяктуу ураандар менен жүрүштү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз