Воскресенье, 19 мая

Сүлүктү шаарынын көчөлөрүн сел каптады

0

Сүлүктү шаарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда селдин кесепеттерин жоюуга 26 куткаруучу, жарандык коргонуу кызматынан 1 техника тартылып, жеринде суунун нугун буруу жана арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 5-майда саат 18:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Баткен облусунун Сүлүктү шаарында сел жүрүп, Раззаков көчөсүндөгү сел сайга салынган ички чарбалык көпүрөдөн сел суулары ашып, каптаган.

Кошумча маалымат берилет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз