Воскресенье, 19 мая

Газада Израилдин кол салууларынан каза болгондордун саны 35 миңге жакындады

0

Израиль армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине кол салууларынан каза болгондордун саны 34 миң 683кө жетти.

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө Израилдин Газа тилкесине 212 күндөн берки кол салуулары тууралуу маалымат берилди.

Билдирүүдө Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газанын ар кайсы жерлерине кол салууларында 3 кыргын кылганы, кол салууларда дагы 29 палестиналыктын каза болгондугу, 110 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Билдирүүдө Израилдин 7-октябрдан бери Газа тилкесине  кол салууларынан каза болгондордун саны 34 миң 683кө, жаралуулардын саны 78 миң 18ге жеткени белгиленди.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы эле каза болгондордун бар экени, бирок Израиль күчтөрүнүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор жана жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн сөөктөргө жете албаганы баса белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз