Воскресенье, 19 мая

Кыргызстанда «Түндүк» мобилдик тиркемесин 2 млн колдонуучу көчүрүп алды

0

Кыргызстанда «Түндүк» мобилдик тиркемеси 2 млн жолу жүктөлүп алынды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул анын Кыргызстандын жарандары арасында актуалдуулугун жана суроо-талапка ээ экенин тастыктайт.

«Биз жарандарга көрсөткөн колдоосу жана ишеними үчүн абдан ыраазыбыз. Биз мамлекеттик онлайн кызматтарды дагы да жеткиликтүү кылуу боюнча иштерди улантабыз. Жарандардын канааттануусу биз үчүн чоң ийгилик», — деп белгилешти ведомстводон.


«Түндүк» мобилдик тиркемеси мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын компоненти болуп саналат, ал телефон аркылуу мамлекеттик кызматтарды алууга мүмкүндүк берет. Колдонмонун негизги өзгөчөлүгү санариптик документтер болуп саналат, анткени алар кагаз түрүндөгү варианттардай эле юридикалык күчкө ээ.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз