Воскресенье, 19 мая

Чүйдө жана Бишкекте «Жеңиш ырлары» автожүрүшү болуп өттү – сүрөт

0

Күн мурун Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын мемориалдык-эстеликтери жайгашкан жерлеринде «Жеңиш ырлары» автожүрүшү болуп өттү.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана ооруктун эмгекчилерине арналып уюштурулган.

«Жеңиш ырлары» автожүрүшү саат 10.00дө Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюу менен башталып, төмөнкү маршрут боюнча уланды — Бишкек шаары — Новопокровка айылы – Ысык-Ата районунун Түз – Бозбармак айылдары жана Кант шаары.

Жогоруда аталган ар бир айылда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын урматына орнотулган эстеликтерге гүлчамбарлар коюлду.

Ысык-Ата районунун Бозбармак айыл аймагында митинг өтүп, гүлчамбарлар коюлгандан кийин «Жеңиш ырлары” автожүрүштүн катышуучуларына, конокторго жана жаштарга жоокердин боткосу берилип, чакан концерт уюштурулду.

Иш-чара Бишкек шаарындагы Өчпөс оттун жанында Жеңиш аянтында аяктады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз