Пятница, 7 июня

Белгилүү ырчы Рустам Сагыналиев каза болдуБелгилүү ырчы Рустам Сагыналиев каза болду

0

Кыргыздын таланттуу уулу, ырчы, аткаруучу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисти Рустам Сагыналиев 40 жашында каза болду. Кабарды улуттук филармониянын администрациясынан тастыкташты.

Рустам Сагыналиев 1984-жылы январда Талас облусунун Бакайыр айылында туулган. Ырчы улуттук филармониянын А.Үсөнбаев атындагы «Эл шайырлары» фольклордук тобунун мүчөсү болчу.

Ал боор циррозуна чалдыккандыктан былтыр кайрымдуулук концерти уюштурулуп, Индияда операция жасатууга акча чогултулганы айтылган эле. Бирок донор табылбай жаткандыктан, операциясы создугуп келген.

Маркумдун артында эки баласы калды.

“Кабар” маалымат агенттиги Рустам Сагыналиевдин жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз