Четверг, 28 ноября

Путин Сергей Шойгуну кызматтан алды

0

Орусиянын президенти Владимир Путин коргоо министри Сергей Шойгуну кызматтан алды. Путин Шойгунун ордуна Андрей Белоусовдун талапкерлигин сунуштады.

Айрым маалымат каражаттары, Путин кызматтан алынган Шойгунун Николай Патрушевдин ордуна Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып дайындалаарын жазууда.

Узак жылдан бери коргоо министри болуп иштеп келген 68 жаштагы Шойгу жаңы өкмөттө кайра дайындалбаган жалгыз министр болуп калды.

Путин 7-майда бешинчи президенттик мөөнөтүнө киришкенден кийин өкмөттү отставкага кетирген. Андан бери бардык өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин убактылуу аткарып жатышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз