Четверг, 28 ноября

Уурулар таластыктардын жылкысын Казакстанга айдап кетишти

0

29-апрелде Манас районунун Сөгөт айылында 30дан ашык жылкы жоголду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков билдирди. Анын айтымында, үйүрдү Казакстанга айдап кирип кетишкен.

«Бул боюнча уурулук факты менен иш козголгон. Укук коргоо органдары иштеп жатат. Бирок мал Казакстандын аймагына айдалып кеткени айтылып жаткандыктан Ички иштер министрлиги тарабынан көзөмөл зарыл болуп турат. Анткени башка өлкөдөн малды кайтарып алыш керек. Мал ээлери чоң чыгымга учурап олтурат», — деди Жумабеков.

Буга чейин дагы Таласта бир нече жолу үйүр жылкы жоголгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз