Жакында Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, бүтүндөй дүйнөдөгү түрк элдери сыйлып-урматтаган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Аскар Айтматов тарабынан жергиликтүү айрым маалымат каражаттарына Түркия Республикасынын Кыргыз Респукбликасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Жеңгиз Камил Фыраттын дарегине негизсиз жана деңгээли төмөн каралоо каты жарыяланган болчу. Андыктан Түркиянын элчилиги ал катка жооп иретинде төмөндөгүдөй мазмунда кат жазууга мажбур болду.
Мындан мурда Түркия Республикасынын тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан белгиленгендей, ФЕТО/FETÖ түзүлүшү террордук уюм, кылмыштуу желе жана жеке адамдын керт башына сыйынган түзүм болуп эсептелет.
Андыктан бир жагынан ФЕТО/FETÖ менен кызматташып, экинчи жагынан Түркия мамлекети менен кызматташуу мүмкүн эмес. Демек, Аскар Айтматов сыяктуу абройлуу жана эл аралык деңгээлдеги адам бир эле мезгилде эки жак менен тең бирдей мамиле түзүүнү тандабай, бир бүтүмгө келүүсү тийиш болчу.
Бирок Аскар Айтматов бул тандоосун так аткарып, “биздин балдар” деп атаган ФЕТОчулар/FETÖ менен кызматташтыгын жана аларга болгон колдоосун улантаарын биздин тарапка билдирген. Ошондуктан анын Түркия мамлекети менен да кызматташып, мамиле түзүүсү биз тараптан туура эмес деп табылган.
Бул жерде белгилей кете турган дагы бир жагдай бар: Себат/Сапат мектептери ФЕТО/FETÖ тарабынан түзүлгөн жана жетекчиликте да сөз ээси болгон жеке менчик жана акча үчүн билим берген мекеме экендиги белгилүү.
Ошондуктан балдарын бул мектептерге жиберген ата-энелер бул жагдайды билип коюусу зарыл. Алар тарабынан төлөнгөн акчанын бир бөлүгү ФЕТО/FETÖ террордук уюмуна финансылык булак катары колдонулууда.
Бул жагынан алып караганда маселенин тамыры өтө тереңде же болбосо Аскар Айтматовдун катында жазылгандай жөнөкөй гана эмес.
Ошондуктан Түркия Республикасы кыргыз калкына альтернатива катары сунуш кылып, Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин текшерүүсү жана көзөмөлү астында эл аралык бакалавр даражасында кыргызча, орусча, түркчө жана англисче билим берип, заманбап жабдыктары бар Маариф мектептерин салууну сунуштап жатат.
Кыргызстандын жетекчилигинин бул сунушубузду оң маанайда кабыл аларын жана кыргыз калкына заман талабына ылайык жана ийгиликтүү жаңы альтернативалык билим берүү мекемелер менен камсыз кыларына негиз түзөөрүнө ишенимибиз күмөнсүз.
Өз катында урматтуу Аскар Айтматов элчинин дарегине мындан башка да негизсиз жана бир тараптуу айыптоолорду айткан. Аларды туура деп кабыл алуу эч кандай логикага ылайык келбейт. Эмесе, ага жооп иретинде төмөндөгү айрым мисалдарды келтире кетели: 2018-жылы Бишкекте Улуттук китепкананын үчүнчү кабатын толугу менен оңдоп, “Чыңгыз Айтматов залы” катары ачылып, кыргыз бир туугандарыбыздын колдонуусу үчүн берген мекеме Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги болуп саналат. Ошол эле жылы Бириккен Улуттар Уюмунда Түрк жана Кыргыз тышкы иштер министрликтери менен биргеликте Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган орток көргөзмө ачылган. Кыргызстанда да, Түркияда да көпчүлүгү Элчиликтин демилгеси менен уюштурулган ондогон иш-чаралар өткөрүлгөн. Бул жагынан Чыңгыз Айтматовдун элесине Кыргызстандан кийин эң көп иш-чара өткөргөн Түркия, Түрк калкы жана Элчилик болушу мүмкүн.
Аскар Айтматовдун биз менен көп мезгил боюнча жүргүзгөн мамилеси үзүлгөндүктөн бул айтылгандардан маалыматы жок экендиги көрүнүүдө. Бирок кыргыз эли бул иш чаралардан маалыматы бар экендигинен күмөнүбүз жок.
Урматтуу Элчибиз Женгиз К. Фыраттын иш-аракети жана жетекчилиги менен Түркиянын Кыргызстанга жана кыргыз калкына көргөзгөн жардамы үзгүлтүксүз улантыла бермекчи. Быйыл эле Бишкекте Түрк-Кыргыз Достук ооруканасы ачылып, облусттарда бала бакчалар, бейтапканалар, таза суу долбоорлору ишке ашырылууда. 180 кыргызстандык жарандарга бейтапканада акысыз дарылануу мүмкүнчүлүгү берилип, 100дөн ашык кыргызстандык студенттерге да Түркияда магистратура жана докторантура даражаларында стипендия берүү мүмкүнчүлүгү каралган.
Элчибиздин демилгеси менен өлкөбүздүн Ван провинциясындагы жергиликтүү кыргыздарга коомдук жана маданий жаатта долбоорлор ишке ашырылып, облусттарда уюлдук маммография аппараттын берилүүсү, Кыргыз куралдуу күчтөрү жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтерин керектүү жабдыктар менен камсыз кылуусуна чейинки кеңири масштабдагы даярдыктар аткарылууда.
Муну менен катар бир топ долбоорлор Түрк-Кыргыз достугун бекемдөө максатында даярдалууда.
Кыргыз-түрк “Манас” университети Кыргызстандын эң алдыңкы жогорку окуу жайларынын башында турат. Бул мекеменин медицина жана юридика факультеттери мындан ары дагы да өнүктүрүлүүсү үчүн Элчибиздин иш жүзүндөгү көмөгү менен Кыргыз жана Түрк жаштарынын билим алуусуна шарттар түзүлүүдө.
Жогоруда белгиленген мисалдарда көрүнгөндөй, ФЕТОчулардын же алар жетектеген чөйрөнүн негизсиз жана деңгээлсиз чабуулуна көңүл бурбастан, иш-аракеттерибизди уланта беребиз.
Бул маалыматты кыргыз элинин назарына урматтоо менен сунабыз.