Пятница, 20 сентября

Хикматияр Афганистандагы бийликти реформалоого чакырды

0

Хикматияр Афганистандагы бийликти реформалоого чакырдыХикматияр Афганистандагы бийликти реформалоого чакырды

Афганистанда тынчтык орнотуу үчүн өлкөдөгү баардык күчтөр бийлик системасын реформалоо боюнча кадамдарды макулдашуусу керек деп эсептейт Афганистандын экс-премьер-министри, Ислам партиясынын лидери Гүлбеддин Хикматияр.

Хикматияр пакистандык Бурбан айылына Афганистандагы тынчтык процессин камсыздоо боюнча өткөн конференцияга барган учурда журналисттерге бул пикирин билдирген.

Анын айтуусунда, Афганистандагы жаңы бийлик тутуму сырттан таасир берүү аракеттерине каршы туруу принциби менен иш жүргүзүш керек жана афган элинин диний жана маданий баалуулуктарын эске алууга тийиш.

Экс-премьердин пикиринде,  Афганистандагы кырдаал жакында турукташат.

«Ар кандай согуш эртеби, кечпи бүтөт. Кан төгүүнүн ордуна тынчтык орнойт. Эгер афгандыктар ушуну каалашса, анда биргеликте компроммиске келүүгө тийиш», — деди Хикматияр.

Экс-премьер Афганистандагы баардык саясый, этникалык жана диний топторду өлкөнүн келечегин биргеликте аныктоого чакырды.

Экс-премьер ошондой эле АКШ жана “Талибан” кыймылынын ортосундагы улантылып жаткан сүйлөшүүлөр темасына кайрылды.

«Талибдер жана Афганистандан чет элдик контингентти чыгарууну талкуулоодо. Чет элдик күчтөр чыгарылган соң Афганистанда таза жана адилет шайлоону өткөрүүнүн пайдубалын түптөй турган жаңы бийлик тутумун макулдашуу керек», — деди Хикматияр.

Экс-премьердин сунушун Афганистандын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчи  Ханиф Атмар да колдоп жатат.

Экс-кеңешчи Афганистандагы тынчтык процессин орнотууга аймактын жана Түркиянын чоң салым кошуп жаткандыгына басым жасады.  

«Түркия Афганистан жана дүйнөдөгү коопсуздук маселесинде жигердүү оюнчу болуп саналат жана бул өлкө менен аймакта баары эсептешишет», — деди Атмар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз