Воскресенье, 8 сентября

Таласта күйүүчү-майлоочу майды мыйзамсыз ташыгандар аныкталды

0

Талас районунун Ак-Калпак айылындагы рейддик салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө күйүүчү-майлоочу майды (дизель отуну) мыйзамсыз сактоо жана ташуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан жалпы көлөмү 9 миң 500 тоннага жакын дизелдик отун майы табылды.

Бул факт боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, мыйзамсыз жүгү бар транспорт каражаты айып короо жайына токтотулду.

Салык кызматы республиканын аймагында эсепке алынбаган товарларды аныктоо активдүү иштерин улантууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз