Бүгүн Жалал-Абад шаарынын эки кичи районунда суу болбойт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, авариялык оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу бүгүн, 21-майда саат 10:00дөн 18:00гө чейин Жалал-Абад шаарынын Спутник, Көк-Арт кичи райондоруна суу берүү убактылуу өчүрүлдү.
Мэрия жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.