Пятница, 20 сентября

БШК Стамбулдун мэрин шайлоонун жыйынтыгын жарыялайт

0

Стамбулда мэрди кайра шайлоо болду.

Түркиянын борбордук шайлоо комиссиясы жакынкы мезгилде Стамбулдун мэрин шайлоонун жыйынтыгын жарыялайт. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Сади Гювен маалымдады.

«65 пайызга жакын бюллетендер биздин системада расмий түрдө текшерилип чыкты. Жарым саатка жакын аралыкта баардык бюллетендер текшерилип чыгат», — деди Гювен.

Анын айтуусунда, БШК аппеляциялык процесс аяктаган соң жеңген талапкерге мандат бермекчи.

Стамбулда 23-июнда мегаполистин мэрин шайлоо кайра өткөрүлдү.

Түркия БШКнын маалыматы боюнча, 99,37 бюллетендерди эсептөөнүн жыйынтыгында Имамоглу 54,03 пайыз добуштарды алууда.

Бинали Йылдырымды колдоп 45,09 пайыз шайлоочулар добуш беришкен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз