Понедельник, 24 июня

Израиль Палестинаны тааный турган өлкөлөр менен тиреше баштады

0

Израиль Палестина мамлекетин тааный тургандыгын жарыялаган Ирландия жана Норвегиядагы элчилерин артка чакыруу чечимин чыгарды.

Израилдин тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта тышкы иштер министри Исраэль Кацтын Дублин жана Ослодогу Израиль элчилерин кеңешүү үчүн «дароо» өлкөгө чакыргандыгы белгиленди.

Тышкы иштер министри Кац Испания  да Палестина мамлекетин таануу чечимин чыгара турган болсо, Мадриддеги элчисинин да чакырыларын белгиледи.

Ирландиядан кийин Норвегиянын тышкы иштер министрлиги бүгүн билдирүү жасап, эл аралык мыйзамдарга жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин тиешелүү резолюцияларына ылайык Палестинаны тааный турганын жарыялады.

Испаниянын премьер  — министри Педро Санчез да өлкөсүнүн  28-майда Палестина мамлекетин расмий тааный тургандыгын билдирген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз