Воскресенье, 16 июня

Бишкекте бий боюнча Борбор Азия чемпионаты өттү

0

 Бишкек шаарында бийдин бардык түрлөрү боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин чемпионаты өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 190 бий тобу катышты.

Жыйынтыгында И.В.Гете атындагы №23 мектеп-гимназиясынын «Алексис» бий студиясы Татьяна Кибкалонун жетекчилиги астында үч жолу биринчи орунду ээлеп, баш байгени жеңип алды.

Кошумчалай кетсек, ушул эле гимназиянын Юлия Сабанова жетектеген «Багира» бий студиясы эки жолу биринчи орунду ээлеп, эки Гран-при кубогуна ээ болушту.

Белгилей кетсек, хореографтарга эстрадалык жана сюжеттик бийлердин мыкты коюучуларынын дипломдору тапшырылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз