Воскресенье, 16 июня

Милиция жол эрежелерин бузуу фактыларын WhatsApp аркылуу кабыл алат

0

Кыргызстандыктар жол эрежелерин бузуу фактылары боюнча WhatsApp номерге маалымат жөнөтө алышат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Башкармалык жарандардын кайрылууларын түз кабыл алуу үчүн күнү-түнү байланышта болгон (0777)-102-102 WhatsApp номерин ишке киргизди.

«Мындан ары жарандар көчөлөрдөгү унаалардын туура эмес жерлерге токтотуп койгон учурларын, жол тыгындарын, жол кырсыктарын, мас айдоочуларды жана башка жол эрежелерин бузуу фактылары тууралуу ушул номерге сүрөт жана видео тасмага тартып, жөнөтүп койсо болот», — деп айтылат маалыматта.

Кызматкерлер жарандар жөнөткөн кайрылууларды жеринен карап чыгып, тийиштүү чараларды көрүп, жыйынтыгы тууралуу кайрылуу жөнөткөн жаранга билдирүү жөнөтүшөт.

Белгиленгендей, мындай көрүнүш жарандарга тейлөө кызматын жакшыртып, эл менен милиция кызматкерлеринин тыгыз мамилесин арттырып, коомду тартипке салууга жакшы шарт түзөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз