Воскресенье, 22 сентября

ОшМУнун 85 жылдык мааракеси чоң программадагы шоу-концерт менен жыйынтыкталды

0

Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык мааракесине арналган салттанаттуу иш-чаралар жыйынтыкталды.

Майрамдык салтанат билим берүүнү камтыган театрлаштырылган көрүнүш менен башталды. Келген көрүүчүлөргө ОшМУну чагылдырган видео-ролик тартууланып, окуу жайдын 85 жылдык тарыхында салым кошкон жетекчилердин жасаган эмгектери тууралуу баян көрсөтүлдү.

Мааракени КР Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Керим Турапов, КР Эл артисти Бек Борбиев, Малика Дина, Бактияр Токторов, Жийдеш Идирисова, Замир Мырза, Султан Садыралиев, JAХ, Freeman 996, PPTV тобу шаңга бөлөдү.

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине арналып жазылган “ОшМУ билим ордосу” чыгармасы ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү Замир Мырза, Эмил Балтагулов, Айпери Кулбаева, Эламан Жалаловдун аткаруусунда жаңырды.

Кеченин сценайи Жаңылай Исакова, Улукбек Омокеев, Мелис Маматжанов тарабынан жазылып, майрамдык салтанат УТРК-Ош жана ОшТВ телеканалдары аркылуу түз эфирде чагылдырылып турду. Кечени алып баруучулар Алина Баженова, Расул Багышбаев алып барды.

Мааркенин алкагында ОшМУда «Келечек муундун ХАБы» борбору ачылды. Ошондой эле, ата мекендик 67 бизнес компаниялар жана Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Кытай жана Түркиядан келген бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан көргөзмө уюштурулуп, “Бизнес, билим берүү, илим жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү: аймактарды өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана жолдору” аттуу эл аралык форум өттү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз