Воскресенье, 22 сентября

Бишкекте «Кучак» акциясынын жеңүүчүлөрү сыйланды

0

«Менин өлкөм – менин үй-бүлөмдөн башталат» деген ураан менен уюштурулган «Кучак» аттуу интернет тармагында жарыяланган бир айлык акциянын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата үй-бүлө институтун бекемдөө жана өркүндөтүү максатында уюштурулган.

Акциянын катышкан 40 үй-бүлөгө демөөрчүлөр тарабынан баалуу белектер — сыналгы, турмуш-тиричилик техникалары, баш байге Алматыга жана «Жаннат Ресорт» эс алуу борборуна жолдомолор тапшырылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз