Воскресенье, 22 сентября

Кыргызстанда 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик аттестация башталды

0

Кыргызстанда бардык мектептерде 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Тагыраагы, бүгүн, 3-июнда 9-класстарга – алгебрадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест), 11-класстарга – эне тили жана адабиятынан (эссе) өткөрүлүүдө.

Билим берүү министринин орун басары Муратбек Касымалиев Аламүдүн районундагы №1 орто мектебинде жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын жүрүшүнө катышып келди.

Ошондой эле кесиптик билим берүү уюмдарынын окуучуларына 2022-2023-окуу жылы үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация жүрүүдө.

Белгилей кетсек, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация окутуу кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 9-11-классынын бүтүрүүчүлөрү үчүн 4 предмет боюнча 3-июндан 15-июнга чейин жүргүзүлөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз