Четверг, 19 сентября

Изилдөө: Интернетке көз каранды болгон балдар жакшы ой жүгүртө алышпайт

0

Интернетке көз каранды болгон жаштардын мээсинде активдүү ой жүгүртүүгө байланышкан бөлүгүндөгү функционалдык байланыштардын азайгандыгы аныкталды.

Science Daily журналынын кабарына караганда, окумуштуулар 10 жаштан 19 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн функционалдык магниттик-резонанстык томографиясын (fMRI) колдонгон 12 макаланы изилдеп чыкты.

Тең туштарына салыштырмалуу интернетке көз каранды экендиги тууралуу диагноз коюлган жаштардын мээсиндеги  көңүл буруу, пландоо, чечим чыгаруу жана импульсту башкаруу аймактарынын бир убакта колдонулушу керек болгон иш  — аракеттерде бирдикте иштөө жөндөмдүүлүктөрүндө бузулуунун болгондугу байкалды.

Мээлериндеги бул өзгөрүүлөр өспүрүмдөрдөгү көз карандылык жана тенденциялардан тышкары интеллектуалдык жөндөмдүүлүк, физикалык координация, психикалык саламаттык жана өнүгүүгө байланыштуу жүрүм-турумдун бузулушуна алып келиши мүмкүн экендиги аныкталды.

Изилдөө тобунан Макс Чанг өспүрүм курактын маанилүү таанып-билүү, жеке жана биологиялык өзгөрүүлөр болуп турган өнүгүү баскычы экенине көңүл буруп, бул мезгилде мээнин интернетке болгон көз карандылыкка караганда алсыз экендигине көңүл бурду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз