Четверг, 19 сентября

Ысык-Көлдө экологиялык талаптарга жооп бербеген пансионаттар жабылды

0

Ысык-Көлдө экологиялык талаптарга жооп бербеген пансионаттардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, мындай чечим Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо үчүн тез арада кийлигишүү зарылдыгынан улам келип чыккан.

Кыргызстандын негизги жаратылыш байлыктарынын бири болгон Ысык-Көлдө бир катар пансионаттар экологиялык нормаларды сактабагандыктан көлдү булгануу коркунучунда турат. Мониторингдин жүрүшүндө көлдүн экосистемасына түздөн-түз коркунуч келтирген олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган.

Ишмердүүлүгү токтотулган пансионаттардын тизмеси:

  • «Дальний Кардон» пансионаты – Семёновка айылы;
  • «Смена» пансионаты – Корумду айылы;
  • «Белек» пансионаты – Бостери айылы;
  • «Золотой пески» пансионаты – Бостери айылы;
  • «Взморье Сити» пансионаты – Бостери айылы;
  • «Асыл-Таш» пансионаты – Бостери айылы;
  • «Ой-Керемет» пансионаты – Кош-Көл айылы;
  • «Золотой-Требас» пансионаты – Кош-Көл айылы;
  • «Улан» балдардын ден соолукту чыңдоо борбору — Тору-Айгыр айылы;
  • «Кооператор» пансионаты – Чок-Тал айылы;
  • «Чолпон-Ата» эс алуу үйү – Чолпон-Ата шаары;
  • «А. Чалжанов» конок үйү — Бактуу-Дөлөнөтү айылы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз