Суббота, 27 июля

Казакстандын конституциясы биринчи жолу Брайл алфавити менен басылып чыгарылды

0

Казакстан Конституциялык Соту менен Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУ Астана программа кеңсесинин кызматташуусунда  өлкө тарыхында биринчи болу Брайл алфавити менен чыгарылган конституцияны таанытуу аземи  борбор шаар Астанада өткөрүлдү.

Казакстандын Конституциялык Сотунун төрайымы Эльвира Азимова бул жерде сүйлөгөн сөзүндө жеткиликтүүлүктүн баарынын мыйзам алдындагы теңдиги  жана  сот адилеттигине жетүүсү тууралуу  конституциялык кепилдиктин негизин түзөрүн белгиледи.

Азимова «Адилеттүү Казакстан» саясатынын дискриминацияга жол бербөө чечкиндүүлүгүн тастыктай тургандыгын белгилеп : «Казакстандын Конституциялык Соту Казакстандын Конституциясына жана Адам укуктарынын жалпы декларациясына ылайык бардыгы үчүн теңдик,  адилеттүүлүк принцибин колдоону жана өнүктүрүүнү улантат»,- деди.

Казакстандын Брайл алфавитинде басылган Конституциясы өлкөдөгү китепканаларга, мектептерге жана майыптар борборлоруна жөнөтүлөт.

Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 85 миң көрүүсү начар адам жашайт, алардын 4 миңден ашыгы балдар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз