Суббота, 27 июля

Эвересттин чокусунан 4 кишинин сөөгү табылды

0

Непал армиясы Гималайдагы Эверест, Нупце жана Лхотсе тоолорунун чокуларынан 4 сөөк жана 1 скелет чыгарылып, 11 тонна таштанды чогултулгандыгын билдирди.

The Himalayan Times гезитинин жазганына караганда, дүйнөнүн эң бийик  тоосу болгон Эверест да араларында болгон  Гималайдагы кээ бир тоолордун жыл сайын тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Непал армиясынын билдирүүсүндө, 55 күндүк тазалоонун натыйжасында чокулардан 4 сөөк жана 1 скелет чыгарылып, 11 тонна таштанды чогултулганы белгиленди.

Билдирүүдө акыркы 5 жылда 14 сөөк жана бир нече скелеттин чыгарылгандыгы, 119 тонна таштандынын чогултулгандыгы айтылды.

Непалдын Туризм департаментинин альпинизм боюнча директору Ракеш Гурунг Би-Би-Сиге өкмөттүн келечекте таштанды чыгарууга дагы көп  бюджет бөлүүнү пландап жатканын айтты.

Гурунг өкмөттүн коопсуздукту камсыздоо үчүн чокуга чыгууга аракет кылган альпинисттердин санын азайтуу үчүн иштеп жатканын белгиледи.

Эверестте 200дөн ашык сөөк жана 50 тоннадан ашык таштандынын бар экени болжолдолууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз