Суббота, 27 июля

Жалал-Абад шаарында фестиваль өттү

0

Жалал-Абад шаарында көчмөн элдердин достук фестивалы өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара 8-июнда Барпы театрынын алдында уюштурулду. Анда облустук Токтосун Тыныбеков атындагы филармониянын алдындагы «Мөлмөл» эл аспаптар оркестринин коштоосунда улуттук ыр-күүлөр жаңырып, концерттик программа тартууланды.

Ошондой эле кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарынын жарманкеси жана сүрөт көргөзмөсү да уюштурулду.

Фестивалдын негизи максаты — улуттук баалуулуктарды, нарк-насилди, маданиятты, каада-салт, үрп-адаттарды даңазалоо болуп саналат.

Иш-чаранын уюштуруучусу Степан Смиршин фестивалды өткөрүүгө демөөрчүлүк кылган «Tines» компаниясына жана Жалал-Абад шаарынын мэриясына ыраазычылык билдирип, көчмөн элдердин этно-маданиятын жайылтууга салым кошо берээрин белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз