Суббота, 27 июля

Автобустун айдоочусу электр мамысын сүзүп алды

0

Бишкекте дем алышта жаңы автобустун айдоочусу электр мамысын сүзүп алды. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 9-июнда болжол менен 09:00дөр чамасында Ак-Өргө конушунун Таттуу Бүбү көчөсүндө болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, коомдук транспорттун айдоочусу рулду башкара албай, электр мамысын сүзгөн.

Бактыга жараша кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз