Среда, 27 ноября

II Бишкек эл аралык кинофестивалы башталды

0

Күн мурун Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында II Бишкек эл аралык кинофестивалынын ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана атайын чакырылган меймандар “Асман килеминен” өтүп, андан соң расмий бөлүк башталды.

Эдил Байсалов кино тармагынын өкүлдөрүн, кино сүйүүчүлөрдү II Бишкек эл аралык кинофестиваль менен чын жүрөктөн куттуктап, “Кара Кыргыз автономиялуу облусунун негизделишинин 100 жылдыгына арналып уюштурулган фестиваль — кино тарыхыбызда өтө маанилүү маданий майрам катары өз ордун алып, мамлекетибиздин тарыхы, маданияты жана адамзаттык баалуулуктары боюнча маалымдуулукту арттырат деп чын дилимден ишенем”-деди ал. Ошондой эле фестивалды өткөрүүгө өз салымын кошкон бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип,чыгармачылык эргүү жана ийгилик каалап өттү.

Тимурлан Ажымалиев өз сөзүндө, кино — биздин курчап турган дүйнөгө болгон көз карашыбызды калыптандырып, маанилүү социалдык жана маданий окуяларга көңүл бурдура алган күчкө ээ экенин белгилеп, мындан ары ондогон “кереметтерди” жараткан кыргыз киносу уюткулуу кыргыздын баалуулуктарын жана кыялдарын чагылдырууну, коомубузду өнүктүрүүнү жана тарбиялоону улантат деген ишенимин билдирди. Ошондой эле ал катышуучуларга кыргыз кинематографиясынын өнүгүшү үчүн фестивалдын алкагында коюла турчу тасмаларды келип көрүүгө, ой-пикир жана сунуштарды айтууга үндөдү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз